Линктер

Көчмөндөр оюндары: төрт киши сынык менен ооруканага түштү


Көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосу

Көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосу

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда төрт киши сынык менен ооруканага түштү. Алардын үчөөнүн буту, биринин манжасы сынганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “Тез жардамга” таянып маалымдады. Жабыркагандардын айрымдарын ат, кээ бирин төө тепсеген.

Андан тышкары, Көчмөндөр оюндарына барган дагы беш киши түрдүү оорулар менен бейтапканага түшкөн. Бирок алардын оорулары түздөн-түз спорт оюндарына байланышы жок.

3-сентябрда башталган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Анда 62 мамлекеттин 1000ден ашуун өкүлдөрү спортун 23 түрүнөн таймашып жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG