Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө Кырчын жайлоосундагы этно айылга 30 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, ал жердеги курулуш иштерине 15 миллион сом, ал эми иш-чараларды уюштурууга 15 миллион сом жумшалган.

- Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Ошондой эле демөөрчү компаниялар жардам берди. Алардын акчасы ачылыш жана жабылыш иш-чараларына кетти.

Бүгүн экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталат. Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн, ат оюндары боюнча мелдештер болот. Көк бөрү боюнча алтын байге үчүн Кыргызстан менен Казакстан курамалары беттешет. Андан сырткары күлүктөрдүн жарышы, жорго салыш, кунан чабыш, кыз куумай, тыйын эңмей оюндары өтөт. Бул мелдештердин сыйлык тапшыруу аземдери кечки саат 7ге чейин аяктайт. "Аврора" пансионатында тогуз коргоол, мангала оюндарынын жыйынтыктоо турлары башталат. Андан соң Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда оюндардын жабылыш аземи чет элдик жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолот. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышат.(AsM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG