Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

“Өнүгүү-Прогресс” Башмыйзамды өзгөртүү сунушун талкуулайт


"Өнүгүү - Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

"Өнүгүү - Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Аталган фракция Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири. Бүгүн бул маселени кезексиз жыйында талкуулай турганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

27-июлда президенттин сунушу менен парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев бул фракциялардын жетекчилери менен жолугушуп, сын-пикирлерди эске алуу менен коомдук талкуу эки жумага узартылган. Ага Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев катышкан эмес.

Коомдук талкуунун мөөнөтү 10-сентябрда аяктайт. Оппозиция жана жарандык активисттер Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонуп, бийликти андан баш тартууга чакырып жатышат. Расмий түрдө референдумдун мөөнөтүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору парламент кароосуна сентябрдын ортосунда киргизилиши мүмкүн. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG