Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Конституция өнөктөштөрдү өчөштүрдү


Иса Өмүркулов менен Өмүрбек Текебаев.
Иса Өмүркулов менен Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы курултай өткөрүүгө камданууда. Бийликчил партиялар референдум максатынан кайтпасын билдирип жатышат.

Азыркы Конституцияны сактап калгысы келген жана өзгөрткүсү келген тараптардын пикир келишпестиги өлкөнүн коопсуздугу менен тынчтыгы үчүн кандай тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн?

Кечээ санаалаш, бүгүн каршылаш саясий күчтөрдүн талашы кайда алпарат? Мунаса жолу барбы?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды.

Берүүгө Жогорку Кеңештеги КСДП жана “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Иса Өмүркулов менен Өмүрбек Текебаев катышты.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, президент Конституцияны шылтоолоп, ызы-чуу жаратып жаткандардын оюн мыкты билерин, алардын көпчүлүгү бийликке гана жетүүнү эңсеген "кара күчтөр" экенин эскертти. Ал сиздин былтыр Конституцияга өзгөртүү сунушу менен чыкканыңызды дагы белгиледи. Сиздин былтыр бирди айтып, быйыл башканы талап кылып жатканыңыздын артында эмне оюн бар?

Өмүрбек Текебаев: Биринчиден, эгер иш бир эле Иса Шейшенкуловичте болсо жакшы болбойт беле. Бул киши диалогго даяр. Бирок бул процесстин башка дагы маанилүү катышуучулары бар. Алар диалогго таптакыр даяр эмес. Кирпи чечендей болуп эле ийнелерин көргөзүп турат. Сен эл саткычсың, бузукусуң, сасыксың деп, өзү эле эмес, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов дагы ушинтип турат. Алардын сүйлөшөйүн деген ою жок. Эгер алар сүйлөшпөсө Иса экөөбүз сүйлөшкөндөн эмне пайда? Бул бир. Экинчиден, таппайбы, мына дагы бир жылы бар. "Мародерду" жакшы издесе ал өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп барып өзүм көргөзөм. Мен, мына, кайрылам: "Атамбаев, мен Текебаевмин, мен эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап. Таппасаң мөөнөтүң бүткөндө өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен, Текебаев, эркекмин. Мен эч жакка качпайм".

"Азаттык": Иса мырза, өзүңүз уккандай, президент атын атабаса дагы бир топторду кандай күн күтүп турганын кулак кагыш кылгандай болду. Мунун баарын Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча талаштын фонунда эмес, мурда эле көтөрүлүп, териштирилүүсүнө эмне жолтоо болуп жатты деп ойлойсуз?

Иса Өмүркулов: Мен эми Өмүрбек Чиркешовичтин сөзүнө кошула албайм. Себеби диалогго баары тең даяр. Сунуштарды берсеңер болот. Аларды маңызы боюнча талкууласа болот. Эгерде жалпы эле дүңүнөн эле жок, муну талкуулабайбыз, болбош керек деген жолду тандасаңар анда бул бөлөк маселе. Эгерде чын эле мамлекеттин кызыкчылыгы дей турган болсок, деги эле ушул Конституция элге иштей турган болуш керек десек, анда бергиле сунуштарды, биз ошонун тегерегинде сөз кылалы. Ал эми президенттин айтканы болсо, мен ойлойм ал жооп берип жатат. Президентти каралагандарга, буга чейинки өз атына, инсандык сапатына карата кеткен каралоолорго жооп берип жатат. Анан мамлекетти узурпациялады деп жатышат. Бул деген чоң күнөө, ошол үчүн, менимче, диалогго ар дайым убакыт бар.

Конституция өнөктөштөрдү өчөштүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG