Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Кыргызстан жана Беларус прокурорлору Бакиев маселесин талкуулашты


Курманбек Бакиев.

Курманбек Бакиев.

Кыргызстан менен Беларус баш прокурорлору Индира Жолдубаева жана Александр Конюк 7-сентябрда Минск шаарында жолугушуп Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү жаатында сүйлөштү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Бирок сүйлөшүү жыйынтыгында тараптар кандай чечимге келишкени тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Жолугушуу Беларус баш калаасында 7-сентябрда өткөн КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынын алкагында уюштурулду.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2010-жылы тактыдан оодарылган соң үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда сот Курманбек Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок жашы 60тан өткөнүнө байланыштуу быйыл Жогорку Сот жаза мөөнөтү 30 жыл деп өзгөрткөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG