Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

“Кыргызстан цивилизациялуу дүйнөдө” аттуу китеп чыкты


Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Кыргызстан цивилизациялуу дүйнөдө” аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эгемендиктин 25 жылдыгына жана Тарых жана маданият жылына арналган бул китепте өлкөнүн чейрек кылым жашоосуна саясий-укуктук жана философиялык анализ жүргүзүлгөн.

Китепте окумуштуулардын мамлекеттин демократия жолуна кадам коюусунда тушуккан көйгөйлөрүн жана аны жеңүүнүн жолдорун баяндаган ойлору басылган. Ошондой эле ааламдашуу учурунда Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсүнүн этаптары каралган.

Китептин жооптуу редактору, Улуттук академиянын корреспондент-мүчөсү Осмон Тогусаков, рецензенттери кыргыз-казак академиктери Аскар Какеев менен Абдималик Нысанбаев. (ZA)

XS
SM
MD
LG