Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштап жатат.

Эл өкүлү бул маселени бүгүн аталган фракцияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланып жаткан кезде билдирди:

-Бизде Конституцияда бирден эле аял алгыла деп жазылып турат. Бирок эки-үчтөн аял алып, аларга фамилиясын бергендер болуп жатат. Кээ бирлери төрттөн үйлөнүп жатышат. Ушуну мыйзамдаштырып коюш керек деп ойлойм.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев үйлөнүү эрежеси Баш мыйзамда так жазылганын белгилеп, ага кайрылуунун кажети жоктугун белгиледи.

Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам жол бербейт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG