Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Иран дүйнө мусулмандарын Саудияны жазалоого үндөдү


2015-жылы ажылык маалында 2300дөй адам набыт болгон
2015-жылы ажылык маалында 2300дөй адам набыт болгон

Ирандын президенти Хасан Роухани дүйнө мусулмандарын былтыркы ажылык учурунда набыт кеткендер үчүн Сауд Арабиясын жазалоого чакырды. Ал эми өлкөнүн рухий көсөмү Али Хаменеи 2300дөй адамдын өмүрүн алган ошол окуяны эл аралык иликтөөгө алуу керектигин айтып чыкты.

Ирандын жетекчилигинин бул айткандары айрыкча шиит мусулмандардан турган Иран менен суннилер жашаган Сауд Арабиясынын ортосундагы чыңалууну күчөттү.

Ага чейин сауд бийлигинин "ирандыктар мусулман эмес" деп айтканына жооп кылып Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Саудияны "ашынган экстремизм" үчүн айыптаган.

Былтыр ажылык маалында адамдын көптүгүнөн пайда болгон тыгындан Саудияда 2297 адам каза тапкан. Алардын 400ү ирандыктар эле.

Быйыл Иран жарандарын 10-сентябрда баштала турган ажылыкка жөнөтпөй турган болду, себеби сауд бийлиги алардын коопсуздугуна кепилдик бере албасын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG