Линктер

Казак атайын кызматы: Бишкекте экстремист деп кармалган адам казакстандык эмес


Бишкекте эл аралык террордук топко мүчө деп кармалган 28 жаштагы Шамо Мамедов казакстандык эместигин коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы кабарлады.

Кыргызстандык Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 7-сентябрда элди Сирияга үгүттөп жүргөн адам Бишкектен кармалганын, ал Казакстандан келгенин маалымдаган эле. Иликтөөнүн жүрүшүндө Мамедов Кыргызстанда чет элдеги террордук топ лидерлеринин көрсөтмөсү боюнча жүргөнү аныкталганы айтылган.

Tengrinews порталы Казакстандын атайын кызматына таянып тараткан кабарда шектүү Алматыда убактылуу жашаганы, бирок кыргыз паспортун көтөрүп жүргөнү белгиленет. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG