Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Армян өкмөтүнүн башчысы кызматтан кетерин жарыялады


Овик Абрамян
Овик Абрамян

Арменияда өкмөт башчы кызматтан кетерин жарыялады. Премьер-министр Овик Абрамяндын отставкасы экономикадагы абал кескин начарлап, жарандардын арасында нааразылык күчөй баштаган учурга туш келүүдө.

Абрамян премьер-министрлик кызматка эки жыл мурда дайындалган. Былтыр Армениянын экономикасындагы негизги көрсөткүчтөр кескин начарлап кетти. Бул жагдай өлкөнүн Орусиянын жардамынан жана ошол жакта иштеген эмгек мигранттары жөнөткөн каражаттан көз карандылыгын күчөткөн.

Мындан тышкары коңшу Азербайжан менен чек ара маселеси курчуду.

Айрым маалыматтарга караганда, Абрамяндын ордуна Еревандын мурдагы мэри Карен Карапетян келиши ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG