Линктер

Пакистанда дайынсыз болуп жаткан эки америкалык альпинистти издөө иштери токтотулду. Алар өлкөнүн түндүк-чыгыш жагындагы Огре-2 чокусун багындырууну көздөгөн.

Каракорум тоолорунда жайгашкан бул чокунун бийиктиги 7 чакырымдан ашуун. Пакистан бийлиги тикучак менен издөө натыйжа бербегенин, альпинисттер табылбаганын, алар болушу ыктымал деген жерде кар көчкү жүргөнүн кабарлашты.

АКШнын Юта штатынын тургундары Кайл Демпстер менен Скотт Адамсон дүйнөдөгү эң тажрыйбалуу альпинисттердин бири болчу. Огре чокусун багындыруу аракетин алар былтыр да жасаган. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG