Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Ооганстанда талибдер Урузгандын борборуна кирип барды


Урузган. Архив.
Урузган. Архив.

Ооганстанда талибдер Урузган провинциясынын борбору Тринкот шаарына кирип барышты. Учурда өкмөттүк күчтөр менен согушкерлер ортосунда айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы кабарланууда.

Маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыктады.

Полиция кызматкери Мохаммад Наябдын айтымында, талибдер шаардын четиндеги көзөмөл-өткөрмө пункттардын дээрлик баарын басып алышты, айрымдарын талкалашты.

Ал эми Коргоо министрлигинин өкүлү Мохаммад Радманиш шаардагы стратегиялык объектилердин баары көзөмөлдө экенин, кошумча аскерлер жолдо баратканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG