Бачабаздыкка шектелген орусиялык православ динаятчы Израилден Орусияга экстрадицияланды. Глеб Грозовский орус тарапка өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча өткөрүлүп берилди.
Ага карата козголгон кылмыш ишти Санкт-Петербургдун Тергөө комитети иликтеп жатат.
Грозовский 2011-жылдын жайында Ленинград облусундагы Коневец аралчасында жайгашкан балдардын эс алуу лагеринде 14 жашка чыга элек өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн, ушундай эле кылмыштарын 2013-жылы Грекияда уланткан деп айыпталууда.
Орус бийлиги ага үч жыл мурда эл аралык издөө жарыялаган. (RK)