Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Электр түйүнүнө кошулуу үчүн акы киргизүүгө каршы өкмөткө кайрылуу жолдонду


Экономика министрлигинин Коомдук кеңеши электр түйүнүнө кошулуу үчүн акы киргизүүгө каршылыгын билдирип, өкмөткө кайрылды. Кайрылууда бул демилгени артка кайтаруу сунушу айтылат.

Быйыл августта Улуттук энергохолдинг компаниясы электр түйүнүнө кошулууда 1 кВ үчүн 3500 сомдун тегерегинде төлөө чечимин кабыл алган. “Түндүкэлектр” ишканасы 3514 сом 85 тыйын, “Ошэлектр” 3692 сом 16 тыйын деп чечишкен.

Мурда электр түйүнүнө кошулууга акы жок болчу. Жарандар майда жабдыктар үчун гана “Бейформал төлөм” эрежеси боюнча акча берип келишкенин Коомдук кеңештен “Азаттыкка” билдиришти.

XS
SM
MD
LG