Линктер

Масимов премьерликтен алынып, атайын кызматка жетекчи болуп дайындалды


Карим Масимов

Карим Масимов

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов ээлеген кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн Акордонун расмий сайтына жарыяланды.

Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу буга чейинки биринчи вице-премьер Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү.

Ал эми атайын кызматтын мурдагы башчысы президент Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды.

Министрлер кабинети өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенче милдетин аткара берет.

Эртең Астанада өкмөттүн кеңейтилген курамдагы жыйыны өтөт. Ага президент катышат. Өткөн аптада парламенттин жыйынында сүйлөп жатып Назарбаев өлкөдө террорчулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөрүн айткан. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG