Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Ооганстанда Урузган провинциясы боюнча түрдүү маалымат келип түшүүдө. Айрым кабарларга караганда, талибдер бүгүн эртең менен Урузгандын борбору Тринкот шаарына кирип барышты. Учурда өкмөттүк күчтөр менен согушкерлер ортосунда айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат деп кабарланууда.

Бирок өлкөнүн жергиликтүү коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммад Самими "Азаттыктын" ооган кызматына телефондон маалымат берип, шаар талибдердин колуна өттү деген кабарды төгүндөдү:

- Тринкот шаарынын бардык райондору биздин көзөмөлдө. Душман 55 адамын жоготту. Мен азыр өзүбүздүн кеңседемин. Биз Урузганды тарттырып жиберген жокпуз, - деди ал.

Буга чейин айрым полиция кызматкерлери талибдер шаардын четиндеги көзөмөл-өткөрмө пункттардын дээрлик баарын басып алганын, айрымдарын талкалап салганын кабарлаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG