Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Мирзиёев өзбек президентинин милдетин аткарат (видео)


Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путин менен. 6-сентябрь, 2016-жыл
Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путин менен. 6-сентябрь, 2016-жыл

Бүгүн Ташкентте өзбек парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында премьер-министр Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын утурумдук президенти болуп дайындалды.

Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн убактылуу президенти кылып дайындоо чечими бүгүн парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында кабыл алынды.

Жыйынга Өзбекстандын министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышкан.

Мирзиёевдин президент милдетин аткаруучу болуп дайындалышы -бийликтер Конституцияда каралган жободон тайганынын белгиси.

Өзбекстандын Конституциясынын 96-беренесине ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу.

Сенат төрагасы кызматын 2015-жылдан бери Нигматулла Юлдашев ээлейт.

Расмий маалыматка караганда, Юлдашев аталган жыйында президенттин милдетин аткарууну премьер-министрге жүктөөнү максатка ылайыктуу деген сунуш менен чыккан.

Юлдашев премьер-министр Мирзиёевдин "жетекчилик кызматтагы көп жылдык тажрыйбасын, калк арасындагы кадыр-баркын эске алуу керектигин" билдирген.

Өткөн аптада ал президент Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча өкмөттүк комиссиянын башында турган болчу.

Өзбекстандан тышкары жашаган эксперттер Мирзиёевди негизги талапкер катары өзбек өкмөтүнүн Каримов ооруканага жатканы тууралуу 28-августтагы алгачкы жарыясынан кийин эле айта баштаган.

8-сентябрдагы расмий маалыматта айтылгандай, өзбек парламенти Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоону "мыйзамга ылайык" уюштурууну тапшырды. Өзбекстандын Баш мыйзамы боюнча шайлоо үч ай аралыгында өтүшү керек.

Мурда Каримовдун сынчылары, каршылаштары, адам укугун коргоочу топтор маркум президент башкача ойлонгондорду аёосуз басып, бийлигин бурмаланган добуш аркылуу сактап келгенин айтып жүрүшкөн.

Алар эми президенттин милдетин аткаруучунун дайындалышы да Өзбекстандын кийинки жетекчилиги демократиялык принциптерге, мыйзам үстөмдүгүнө бут тосорун ишара кылганына көңүл бурушту.

Байкоочулардын конституциялык жараянга карата үмүтү бүгүнкү кадамдан улам таш капты”, - деп жазды “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун иликтөөчүсү Стив Свердлов Twitter социалдык баракчасына.

Мирзиëев Өзбекстандын убактылуу президенти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Мирзиёевдин таржымалы

Премьер-министрдин кызматын 2003-жылдан бери аркалап келген Шавкат Мирзиёев 58 жашта. Ал эгемен Өзбекстандын 25 жылдык тарыхында бул кызматта эң узак отурган аткаминер. Өкмөт башчылыкка чейин Самарканд (2001-2003) жана Жизак (1996-2001) облустарынын губернатору болгон.

Мирзиёев Жизак облусунда, дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган. Ташкендеги Ирригация жана мелиорация институтун бүтүргөн. Совет доорунда өзү окуган институтта комсомол уюмунун лидери болгон.

Мирзиёевду тааныгандардын айтымында, ал ачуусу чукул жана өжөр адам. Ошого карабай премьер-министрлик кызматын Каримовдун көлөкөсүндө тынч аткарып келген.

Өткөн кылымдын 90-жылдары Каримовдун басма сөз катчысы болгон, азыр Өзбекстандан тышкары жашаган Шараф Убайдуллаев Мирзиёевди болжоого болбой турган кубулма жана өзүнүкүн гана туура деп эсептеген адам катары сүрөттөйт.

Жизак облусунда губернатор кызматын аркалап турган кезде Мирзиёев аймактагы абалга даттанган фермерди сабап салганы кеп болуп жүрөт.

Убайдуллаев “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул коомчулукка чыккан бир эле окуя экенин, Мирзиёев мамлекеттин продукция өндүрүү боюнча пландарын аткара албай калгандарды муштум менен жазалап келгенин билдирген.

Мирзиёев президент Каримовдон жакшыбы же жаманбы деген суроого Убайдуллаев “жаман” деп жооп берген.

Ал Мирзиёев Өзбекстанды эффективдүү башкара аларынан күмөн санап, Каримов сыяктуу көз карандысыз боло албасын кошумчалаган.

Убайдуллаев кокус Мирзиёев президенттикке келсе, бейрасмий бийликти иш жүзүндө олигархтар менен магнаттарга берип, бул Өзбекстан үчүн эң жаман сценарий болорун да болжолдогон.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнү 2-сентябрдын кечинде расмий жарыяланган. Ал 3-сентябрда Самаркандда жерге берилген

Каримовдун мураскерлери, Бишкектеги теракт
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:28 0:00

XS
SM
MD
LG