Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өткөн экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин жыйынтыгы чыгарылды. Ага жалпысынан 62 өлкөдөн миңден ашуун спортчу катышып, улуттук оюндардын 23 түрү боюнча күч сынашты.

Кыргызстандыктар жалпы эсепте 79 медал топтоп, биринчи орунду алышты. Алар 25 алтын, 25 күмүш, 29 коло байгелүү болушту. Экинчи орунга Түркмөнстандын оюнчулары чыгып, 15 алтын, 3 күмүш, 6 коло байге алышса, 3-орундагы Казакстандын энчисине 12 алтын, 13 күмүш, 13 коло байге тийди. Орусиялыктар 12 алтын, 5 күмүш, 10 коло медал тагынышты. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG