Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

ДКО-2016: Кыргызстандын эки балбаны чемпион болушту


Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн чемпион болгон кыргызстандык Нурбек Аканов.
Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн чемпион болгон кыргызстандык Нурбек Аканов.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Байгелер кыз-келиндер арасында алты салмакта, эркектер арасында алты салмакта ойнотулду. Ага 30 өлкөдөн 140 балбан катышты. Жыйынтыгында кыргыз балбандары эки алтын, эки күмүш, беш коло байгеге ээ болушту.

Алтын медалдарды Нурбек Аканов (100 кг) жана Дилдора Рахманова (+75 кг) тагынышты. Күмүш байгелерди Мамарасул кызы Алтынай (70 кг.) менен Нурлан Садыралы уулу (60 кг.) алса, коло байгеге Эльза Абдыкадырова (55 кг.), Мырзабек Кочкоров (70 кг.), Эсенбек Кудайбердиев (80 кг.), Кайрат Маматзакиров (90 кг.) жана Абдумалик Муладжанов (+100 кг.) ээ болушту.

Түркмөнстандыктар алты алтын, эки күмүш, бир коло байге алды. Түркмөн балбандар 7-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин түрүнөн дагы сегиз алтын байгени уткан эле. Орусиянын энчисине эки алтын, эки күмүш, эки коло тийди. Алыш күрөшү боюнча таймаштар Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун жылнаамасына киргизилип, 2016-жылдагы дүйнө чемпиондугу деген аталыш менен да өттү.

Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн кыз-келиндер арасында байге ээлеринин тизмеси:

55 килограммга чейинки салмактагылар арасында:

1) Камила Елисеева - Орусия.

2) Лачин Бадагалиева - Түркмөнстан.

3) Вальверде Мелендрес, Луиза Елизабет - Эквадор.

3) Эльза Абдыкадырова. Кыргызстан.

60 килограммга чейинкилер арасында:

1) Зухра Мадраимова - Түркмөнстан.

2) Шейхиан Рейханен - Иран.

3) Даша Токманцева - Эстония.

3) Гүлкумор Дадабоева - Өзбекстан.

65 килограммга чейинкилер арасында:

1) Гүлнар Хайтбаева - Түркмөнстан.

2) Сабира Мирзагалиева - Казакстан

3) Рейхане Шехан - Иран.

3) Усупова Энже - Орусия.

70 кг.

1) Елизавета Казанцева - Орусия

2) Рано Узакова - Түркмөнстан.

3) Ганна Телкова -Украина.

3) Гарсиа Лаура Жоргелине - Аргентина.

75 кг.

1) Насиба Суркиева -Түркмөнстан.

2)Мамарасул кызы Алтынай -Кыргызстан.

3) Фазлибехзадколаей Малихе - Иран.

3) Күмүш Юлдашева -Өзбекстан.

+75 кг.

1) Дилдора Рахманова - Кыргызстан.

2) Туба Уна Светлана - Сербия.

3) Максуда Эгембердиева -Түркмөнстан.

3) Гулнар Амантаева -Казакстан

Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн эркектер арасында байге ээлеринин тизмеси:

60 кг.

1) Дидар Сартпаев - Казакстан.

2)Нурлан Садыралы уулу - Кыргызстан.

3)Нематян Рохалан - Иран.

3) Тонашиа Лажит - Индия.

70 кг.

1)Медет Халыгурбанов -Түркмөнстан.

2) Артур Зулкарнаев - Орусия.

3) Ислам Фаляхов - Орусия.

3) Мырзабек Кочкоров - Кыргызстан.

80 кг.

1) Игорь Беслева - Молдова.

2) Зильнур Гайсин - Орусия.

3) Эсенбек Кудайбердиев -Кыргызстан.

3) Кайрат Маматзакиров -Украина.

90 кг.

1) Гылыч Жумаев - Түркмөнстан.

2) Давууд Аваззаден - Иран.

3) Данатас Мединиткас - Литва

3) Кайрат Маматзакиров - Кыргызстан.

100 кг.

1) Нурбек Аканов - Кыргызстан.

2) Обидалы Мавлянов - Өзбекстан.

3)Бекбол Нурланулы - Казакстан.

3) Анатоли Молдован- Молдова.

+100 кг.

1) Режебалы Оразалиев - Түркмөнстан.

2) Шерзодбек Рахимов - Өзбекстан.

3) Абдумалик Муладжанов - Кыргызстан.

3) Андрей Никитенко - Украина. (ECh)

XS
SM
MD
LG