Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Арменияда өкмөт башчы алмашты


Армениянын өкмөт башчысы Карен Карапетян.
Армениянын өкмөт башчысы Карен Карапетян.

Мурдагы премьер-министр Овик Абрамян 8-сентябрда кызматын тапшырды. Анын ордун Еревандын мурдагы мэри Карен Карапетян ээледи. Абрамяндын отставкасы армян экономикасы кескин начарлап, жарандардын арасында нааразылык күчөй баштаган учурга туш келди. Абрамян өкмөт жыйынында отставка тууралуу жарыялап жатып "бизге жаңы ыкмалар зарыл. Келечек жөнүндө ойлонуп, башка өкмөт түзүү керек" деп айтты.

Буга чейин Армениянын президенти Серж Саргсян жаңы өкмөт түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Абрамян премьер-министрлик кызматка эки жыл мурда дайындалган. Анын бийлиги тушунда Армениянын экономикасы кескин начарлап, коңшу Азербайжан менен чек ара маселеси курчуду деген сындар айтылууда.

XS
SM
MD
LG