Линктер

Керри менен Лавров Женевада Сирия маселесин талкуулайт


Жон Керри менен Сергей Лавров.

Жон Керри менен Сергей Лавров.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Женевада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, Сириядагы абалды талкуулайт. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби билдиргендей, тараптар Сириядагы согушту токтотуу боюнча саясий келишимди, гуманитардык жардам маселесин да ортого салышмакчы.

Буга чейин АКШ мамдепартаментинин өкүлү Марк Тонер бул жолугушуудан пайда болорунан күмөн санап жатканын журналисттерге билдирген. Орусия менен Америка Сирияда тирешкен эки тарапты колдойт. Кремль президент Башар Асадга, АКШ болсо аны кулатууга аракеттенген козголоңчуларга көмөк берүүдө.

Акыркы учурда тараптар өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топко жана башка экстремисттик уюмдарга каршы биргелешип күрөшүү боюнча макулдашууга жетишүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүдө.

8-сентябрда Лавров БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен жолугушту. 2011-жылы башталган Сириядагы жарандык согуш 400 миңдей адам өмүрүн алды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG