Линктер

Аксыдагы Үңкүр-Тоо телемунарасы жайгашкан жерден өзбек аскерлеринин чыкпай турушу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында ушул тушта жабык каралып жатат. Маалыматка караганда, коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маселени жабык талкуулоону сунуштаган.

22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Өткөн аптада коңшу өлкө аскерлеринин санын көбөйткөн. Расмий маалымат боюнча, азыр алар 15-20 чамалуу.

Аталган телемунарада иштеген кыргызстандык төрт жаранды бөтөн аймакта мыйзамсыз иштеп жүрөт деген жүйө менен өзбекстандык тартип сакчылары 22-августта кармап кетишкен. Алар 8-сентябрда түндө бошотулду.

Ал эми Үңкүр-Тоодон өзбек аскерлери чыгарыла элек. Бул багытта сүйлөшүүлөр улана турганы кабарланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG