Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Терроризмге каршы эл аралык “Тынч миссия-2016” машыгуулары Кыргызстанда өтөт


Кыргызстанда 15-21-сентябрь күндөрү эл аралык "Тынч миссия-2016" аскердик машыгуулары өтөт. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден - Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын жоокерлери катышат. Машыгуулар Балыкчыдагы 20636-аскер бөлүгүндө өтөт.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты - террорго каршы бирге аракет көрүү. Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлер тоолуу аймактарда атайын операцияларды жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG