Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда


Чек ара.
Чек ара.

Аксынын Үңкүр-Тоо аймагынан өзбекстандык тартип сакчылары чыкпай турганына байланыштуу кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы ал жерге Сажира Чоколоева кошумча күчтөр барганын, абал тынч жана көзөмөлдө экенин кабарлады.

-Үңкүр-Тоодогу телемунара жайгашкан жерде өзбекстандык 20дай милиция кызматкерлери турушат. Кыргыз тарап да күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кырдаалды жайгаруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда.

Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын жети күч кызматкери тикучак менен алгач 22-августта кирген. Өткөн аптада коңшу өлкө аскерлеринин санын көбөйткөн

Аталган телемунарада иштеген кыргызстандык төрт жаранды “бөтөн аймакта мыйзамсыз иштеп жүрүшөт” деген жүйө менен өзбекстандык тартип сакчылары 22-августта кармап кетишкен. Алар 8-сентябрда түндө бошотулду.

Бул боюнча Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы бүгүн жабык талкуу өткөрдү.

XS
SM
MD
LG