Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Паралимпиада: Беларустун дагы бир спортчусу оюндан четтетилди


Орус желегин көтөрүп турган белорус өкүлү

Орус желегин көтөрүп турган белорус өкүлү

Эл аралык паралимпиада комитети Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан оюндардан белорус делегациясынын дагы бир мүчөсүн аккредитациядан ажыратты. Анын аты азырынча белгисиз, бирок айрым маалыматтарга караганда, Беларустун курама командасынын жетекчилеринин бири болушу ыктымал.

Буга чейин белорустардын жеңил атлетика боюнча олимпиялык даярдык борборунун директору Андрей Фомочкин оюндардын ачылыш салтанатында Орусиянын туусун көтөрүп чыкканы үчүн аккредитациядан ажыратылган. Паралимпиаданын уюштуруучулары бул үчүн Беларустун курама командасына эскертүү берген.

Беларустун Паралимпиада комитети бул "саясий акция болгон эмес, оюндарга катышуу укугунан ажырап калган орусиялык спортчуларга тилектештик билдирүү үчүн жасалган гана колдоо белгиси" болду деп айткан.

Бул күндөрү Бразилиянын Рио шаарында кезектеги дүйнөлүк паралимпиада өтүүдө. Допинг чырына байланыштуу орусиялык майып спортчулар ага катышуу укугунан ажырап калган. Орус тарап бул айып негизсиз экенин айтып келүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG