Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:53

Бүгүн Женевада АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Сирия маселеси боюнча кезектеги жолугушуусу башталды.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, Сириядагы согушту токтотууга шарт түзө алчу саясий келишим талкууланууда. Эгер ал кабыл алынса, зомбулуктун масштабы азайып, калкка гуманитардык жардам жеткирүү жеңилдейт жана жарандык согушту токтотууга жол ачыла баштайт.

Сирияда беш жылдан бери токтобой келаткан жарандык согуш 250 миңдей адамдын өмүрүн алды.

АКШ менен Орусиянын буга чейинки сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктаган болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG