Линктер

Орусияда президент Владимир Путин балдар акыйкатчысы Павел Астаховду кызматтан алды. Анын ордуна бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү, "Жалпы Орусиялык элдик фронт" уюмунун Пензадагы бөлүмүнүн жетекчиси Анна Кузнецова дайындалды.

Кузнецова алты баланын энеси. Ал "Покров" деп аталган үй-бүлө, эне жана баланы коргоо фондун негиздеген.

Павел Астахов балдар акыйкатчысы болуп 2009-жылдан бери иштеп келди. 2011-жылы ал орусиялык балдарды чет мамлекеттерге асыроого тыюу салуу мыйзамынын авторлорунун бири болгон.

Быйыл жайында Карелияда балдар кайык менен сууда сүзүп жүргөндө катуу толкун болуп, кайык оодарылып кеткен. Бул кырсыктан 14 өмүр кыйылган. Астахов окуя болгон жерге барып, аман калган балдар менен жолукканда "Кана, сууга жакшы сүздүңөрбү?” деп сураганы коомчулукта нааразылык пайда кылган жана анын оставкасы тууралуу талаптар коюла баштаган. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG