Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Пакистан ооган качкындарынын мөөнөтүн узартты


Качкындар лагери
Качкындар лагери

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф ооган качкындары үчүн өлкө аймагында жүрүүгө уруксат мөөнөтүн келерки жылдын март айына чейин узартты. Бул тууралуу ал бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди.

Шариф ооган качкындары Пакистандын коногу экенин, алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракет көрүлөрүн айтты.

Буга чейин уруксат мөөнөтү быйыл 31-декабрда аяктары кабарланган болчу.

Пакистандын аймагында кеминде 1,5 миллион ооган качкыны жашайт. Дагы 1 миллион катталбаган оогандык 1980-жылдары мекенинен качып келип, бул өлкөдө отурукташып калган.

Учурда Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен Пакистандагы качкындар лагерлерин этап-этабы менен Ооганстанга көчүрүү аракети көрүлүүдө.

Исламабад ал лагерлерде согушкерлер да жашынып жүрөт деген пикирде. (RK)

XS
SM
MD
LG