Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Францияда теракт уюштурууну көздөгөн үч аял кармалды


Франциянын полиция кызматкерлери атайын операция маалында
Франциянын полиция кызматкерлери атайын операция маалында

Франция бийлиги Парижде теракт уюштурууну көздөгөн үч радикал аял кармалганын кабарлады. Алар газ баллондору менен толтурулган автомашинаны Нотр-Дам чиркөөсүнүн алдына барып жардырууну пландап жаткан деп шектелүүдө.

- 39, 23 жана 19 жаштагы бул аялдар радикал фанаттар. Алар зомбулук аракетин кылмак деп шектелип жатат, - деди Франциянын ички иштер министри Бернар Казнөв.

Кармалгандардын бири атайын операция учурунда полиция кызматкерине бычак менен кол салгандыктан күч кызматкерлери ага карата ок чыгарууга мажбур болгон. Натыйжада экөө тең жараат алды.

Бейшембиде Монтаржи шаарынын четинде да исламчыл радикалдыгы менен белгилүү үй-бүлө кармалганы белгилүү болду.

Францияда былтыртан бери жасалган бир нече террордук чабуулдан жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG