Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Армениядан Көчмөндөр оюндарына келгендер жазаланат


Көчмөндөр оюндарына келген Армения командасы.
Көчмөндөр оюндарына келген Армения командасы.

Армения өкмөтү Кыргызстанда өткөн Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан спортчуларын жазалайт. Ага катышууга расмий уруксат берилбегенине байланыштуу бул таймашка келгендер мындан кийинки эл аралык беттештерге баруу укугунан ажыратылат.

Армениянын Жаштар жана спорт министрлигине таянып, armеnpress агенттиги кабарлагандай, министр Габриэл Казарян спортчулардын катышпоосу тууралуу кыргыз тарапка 27-июлда расмий кат жөнөткөн. Ага карабай, уюштуруучулар федерациялар аркылуу бир канча спортчуну чакырышкан. Буга байланыштуу Кыргызстанга спортчуларды жөнөткөн федерациялардын да лицензиясын кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлүүдө.

Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарында армениялык спортчулар 2 күмүш, 1 коло медаль утушкан.

Азырынча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгы буга комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG