Алепподо авиасоккудан сириялык исламий топтордун лидерлеринин бири набыт кетти. Бул уюм мурда "Жебхат ан-Нусра" тобу катары белгилүү болчу.
Reuters агенттиги аталган топтун дагы бир нече лидери жок кылынганын кабарлады. Бирок кайсы өлкөнүн авиасоккулары тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз.
"Жебхат ан-Нусра" – Сириядагы эң ири экстремисттик топтордун бири. Ал өлкөдө жарандык согуш башталган алгачкы айларда пайда болгон.
Быйыл июль айында ал "ал-Каида" менен байланышын үзүп, аталышын "Фатх аш-Шам фронту" деп алмаштырган. (RK)