Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Окуучуларды митингге чыгарган кызмат талаш


Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Сокулуктагы Фрунзе орто мектебинин окуучулары жаңы дайындалган директордун кетүүсүн талап кылып митингге чыгышты.

Адатта саясий митингдерде жаңырган “кетсин!” урааны бул ирет Сокулуктагы Фрунзе орто мектебинде жаңырды. Жоон топ окуучулар жаңы дайындалган директорду кетирип, мурдагысын калыбына келтирүүнү талап кылышты. Окуучулардын бири мындай деди:

- Биздин мурдагы директорду эми мектепти оңдоп койгондо иштен айдап жиберишти. Анткенге эч кимдин акысы жок. Бизди кичинебизден тарбиялады. Чоңойтушу керек. Кийинки директор баары даяр болгондо келди. Мындай болбойт да.

Директору үчүн жол тосууга даяр окуучулар

Өспүрүмдөр таламын талашып жаткан Фрунзе мектебинин мурдагы директору Бактыгүл Абдышүкүрова пенсияга чыкты деген жүйө менен окуу башталарда иштен алынып, анын ордуна коңшу айылдын завучу дайындалат. Сабагын таштап түп көтөрүлө митингге чыккан окуучулар ал ортодо тартип сакчылары менен жулмалаша кетишти. Буга директорго берилген окуучулардын жол тосуу аракети милиция тарабынан токтотулганы себеп болду.

Албетте мыкты мугалими кетип жатса окуучуларга кыйын эле да. Бирок мындай иштерге окуучуларды курал катары пайдалануу туура эмес.
Доктуркүл Кендирбаева

Бактыгүл Абдышүкүрованын кызы Алтынай Абылгазиева апасы болуп өткөн окуялардан улам ооруканага жатып калганын айтып, иштен алуу мыйзамсыз болгонун белгилейт.

- Апамды буйрук менен тааныштырбай туруп эле иштен алып салышты. Ал киши буйрук менен таанышкан эмес. Апабыз 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин кадимкидей эле иштеген. РайОНО болсо жаңы директорго 1-сентябрда буйрук чыкканын айтып жатат. Эгер андай болсо неге ал 1-сентябрда ишке чыккан жок? Буйрук менен алдын ала таанышса, кызматтан жөн эле кетмек да.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Качкынбек Эмилбеков мектеп директору пенсия жашына байланыштуу иштен алынганын, окуучулар митингге мажбурлоо жолу менен чыкканын айтууда. Анын ишендиришинче, Абдышүкүрова кызматтан кетүү боюнча мурда эле өз каалоосу менен арыз жазган.

- Окуучулар ким директор, ким завуч болоруна көп деле кызыкпайт, иштери деле жок. Директорду жакшы көрүшү мүмкүн, бирок окуучуларды митингге чыгарган директордун кыздары болуп жатпайбы. Окуучулар ортодо курал катары эле пайдаланылып жатат. Митингге чыкса эле кайра ордуна койбойбуз. Алмаштырганга биздин акыбыз бар. Эгер жалпы алган чечимибиз туура эмес болсо бизди да жогорудан караган органдар текшерет.

“Пенсияга чыккан иштен да чыгат”

Митинг токтогону менен окуучулардын талабы аткарыла элек. Калган сүйлөшүүлөр эски директор ооруканадан чыкканда уланары белгилүү болду.

Окуучулар ким директор, ким завуч болоруна көп деле кызыкпайт, иштери деле жок. Директорду жакшы көрүшү мүмкүн, бирок окуучуларды митингге чыгарган директордун кыздары болуп жатпайбы.
Качкынбек Эмилбеков

Кандай болгон күндө да билим алуу менен гана алек болчу окуучулардын кадр маселесине аралашып, митингге чыкканын айыптагандар басымдуу.

Билим берүү маселелери боюнча адис Доктуркүл Кендирбаева директорлордун тагдырын окуучууларды курал кылбай эле мыйзам чегинде чечсе болорун айтты:

- Мыйзам боюнча мектеп жетекчилерин окуу жылы башталганга чейин алмаштырат. Анын кетирген каталарын далилдеп, мыйзамдуу жол менен иштен алса болот. Албетте мыкты мугалими кетип жатса окуучуларга кыйын эле да. Бирок мындай иштерге окуучуларды курал катары пайдалануу туура эмес.

Кыргызстанда 2200дөн ашык мектеп бар жана анда миллиондон ашык окуучу билим алат. Байкоочулардын баамында, айрым мектептерде жетекчилер көп жыл алмашпагандыктан өз билгенин кылган учурлар жок эмес. Мындан улам мектеп жамааты, окуучулар тарабынан нааразылык туулган учурлар маал-маалы менен болуп келет. Бирок митингге чыгып, жол тосууга чейин баруу сейрек көрүнүш.

XS
SM
MD
LG