Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Аксыдагы Үңкүр-Тоодон өзбек аскерлерин чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кабарлады. Анын айтымында, өкмөт жана Чек ара кызматынын жетекчилиги Өзбекстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Разаков бул жаатта жакынкы аралыкта жылыш болот деген үмүтүн билдирди.

22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Өткөн аптада коңшу өлкө аскерлеринин санын көбөйткөн. Расмий маалымат боюнча, азыр ал жерде 15-20 чамалуу жоокер бар.

Аталган телемунарада иштеген кыргызстандык төрт жаранды бөтөн аймакта мыйзамсыз иштеп жүрөт деген жүйө менен өзбекстандык тартип сакчылары 22-августта кармап кетишкен. Алар 8-сентябрда түндө бошотулду. (BkA)

Тасмада: бошотулгандар үйүнө келди

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG