Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Беларус парламенттик шайлоого даярданууда


Беларуста парламенттик шайлоого даярдык көрүлүүдө. Өлкө парламентине шайлоо 11-сентябрда өтөт. Анда мыйзам чыгаруу органынын 110 депутаттык орун үчүн добуш берүү болот. Бул үчүн 488 талапкер каттоодон өттү. Бирок оппозиция шайлоонун адилетсиз өтө турганын азыртадан эле айтышуда. ЕККУнун байкоочулары үгүт өнөктүгү тыкыр көзөмөлдө өтүп жатканын жазып чыгышты.

Өлкөнү 20 жылдан ашык башкарган президент Александр Лукашенко өлкөдө демократиялык шайлоо өтөт деп убада берип келет. Ал акыркы учурда Батыштын экономикалык санкцияларын алдыруу жана өлкөгө инвестиция тартуу үчүн айрым чечимдерди кабыл алган. Өлкө ушул жылдын башында бир катар саясий туткундар бошотулуп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга аракет кылган.

XS
SM
MD
LG