Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Өмүркулов: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу аягына чыгууда


Келаткан аптанын башынан тарта эксперттик топ Конституциянын талкуудан кийинки соңку редакциясын бекитип, парламентке сунуштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, парламентте Баш мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланат.

“Эксперттик топ киргизилген өзгөртүүлөр боюнча анализин жыйынтыктап калды. 13-сентябрдан соң парламенттин кароосуна Конституциянын акыркы варианты сунушталат”,-деди Өмүркулов.

Социал-демократтардын лидери Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу узартылбай турганын кошумчалады.

27-июлда президенттин сунушу менен парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыккан эле. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG