Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Бангладештин түндүгүндөгү фабрикалардын бириндеги өрттөн кеминде 23 адам көз жумду. Ондогон адамдар жараат алды. “Рейтерс” маалымат агенттигинин жазышынча, тамеки таңгактаган фабрикадагы өрт жабдуулардын бири жарылып кетип, "тилсиз жоо" төрт кабаттуу имаратка бир заматта жайылган. Борбор шаар Даккадан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан фабрикада өрт башталганда ичинде 100дөн ашык жумушчу болгон.

“Имараттын ичинде адамдар бар-жогун тастыктай албайбыз. Бирок кимдир бирөө болсо аны куткаруу биздин максатыбыз”,-деп билдирди “Рейтерске” өлкөнүн өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Мухаммад Ахтарузаман. Ал өрт өчүрүү боюнча иштер көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG