Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Сирия оппозициясы ок атууну токтотуу келишимине ишенбейт


Сирия оппозициясы өлкө аймагындагы ок атышууну токтотуу боюнча АКШ менен Орусиянын келишими ишке ашарынан күмөн санайт. Сириянын оппозициялык улуттук коалициясынын мүчөсү Самир ан-Нашар оппозиция Башар Асаддын режимине жана Орусия сыяктуу өнөктөштөрү ишенбей турганын билдирди. Расмий Дамаск бул тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Сириянын түндүгүндө аскердик операция жүргүзүп жаткан Түркия АКШ-Орусиянын келишимин колдой турганын жарыялады. Анкара Сириянын бардык аймактарында ок атууну токтотуу жана жөн-жай адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги террорчулардан бошотулган Алеппого гуманитардык жардам жеткирүү ниетин билдирди.

АКШ менен Орусиянын Сириядагы ок атууну токтотуу жана зомбулукту азайтуу боюнча бирдиктүү планы жарыяланды. Планга ылайык, Сириядагы ок атуу 12-сентябрда - Курман айт күнү токтотулушу керек. Бул план күчүнө кирген соң бир апта ичинде АКШ менен Орусия Сириядагы террорчуларды сокку уруу атайын борбор түзөт.

XS
SM
MD
LG