Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Меккеде ажылык зыяраты башталууда


Электрондук шакекче
Электрондук шакекче

Бүгүн Сауд Аравияда мусулмандардын ажылык зыяраты башталууда. 1,5 миллиондон ашык мусулман күчөтүлгөн коопсуздук чаралары шарттында Мекке шаарына келүүдө. Быйыл Сауд Аравиянын бийликтери коопсуздук жана тартипке өзгөчө көңүл буруп, өткөн жылдагыдай адам өмүрүн алган түртүштүүгө жол бербөөнүн айласын көрдү.

Былтыр Меккедеги зыярат учурунда түртүшүүдөн 2300дөн ашык адам өлгөн. Быйыл ар бир зыяратчынын билегине электрондук шакекче тагып, багыт көрсөтүп турат. Быйыл эки өлкө ортосундагы түшүнбөстүктөн улам Иран өз жарандарын ажылыкка жиберген жок.

Ажылык мусулмандар үчүн ыйык беш парздын бири болуп эсептелет.

Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG