Линктер

Сирияда акыркы 24 саатта жасалган аба соккуларынан 100гө жакын жөн-жай тургун мерт болду. Бул тууралуу Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, Идлиб шаарындагы базарга багытталган аба соккусунан 58 адам каза болду. Анын 13ү жаш балдар экени кабарланды. Дагы 30га жакын тургун согушкерлер ээлеп турган Алеппо шаарынын айланасындагы соккуларда набыт кеткен.

Аба соккуларын Сирия өкмөттүк күчтөрү же Орусиянын учактары жасаган деп болжолдонууда. Мындай кабар АКШ менен Орусиянын Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин жарыяланган учурга туш келди. Бирдиктүү ал планда 12-сентябрдан тарта өлкө аймагында ок атууну токтотуу макулдашылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG