Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Беларуста бүгүн парламенттик шайлоо өтүүдө


Шайлөө өнөктүгү учурунда. Беларус
Шайлөө өнөктүгү учурунда. Беларус

Шайлоо мажоритардык негизде өлкөдөгү 110 округда өтүүдө. Добуш берүүдө беш мөөнөттөн бери президенттик кызматта отурган Александр Лукашенкого жан тарткан талапкерлер утуп чыгаары күтүлүүдө. Оппозиция шайлоо адилетсиз өтөт деп билдирген.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин төмөнкү палатасынын 110 депутаты үчүн 521 талапкерди каттаганын жарыялаган. Алардын 176сы оппозициячыл талапкерлер. Алар Бирдиктүү жарандык партия, Жашылдар партиясы, Социал-демократтар сыяктуу саясий бирикмелердин мүчөлөрү.

Беларуста саясий куугунтоолор жана камакка алуулардан улам оппозиция алсызданып, таасири азайган.

Акыркы жолу Беларуста парламенттик шайлоо 2012-жылы өткөн. Андагы добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн ЕККУ шайлоодо атаандаштыкка толук шарт түзүлбөгөнүн билдирген эле.

XS
SM
MD
LG