Линктер

АКШ Түндүк Кореяга бир тараптуу санкцияларды киргизиши мүмкүн


Бул тууралуу АКШнын атайын чабары Сун Ким Түндүк Корея БУУ тыюу салганына карабай, өзөктүк сыноолорду өткөргөндөн кийин билдирди. Анын айтымында, АКШ, Жапония жана Түштүк Корея Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынынан башка да бир катар чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн.

Токиодо Жапониянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан соң Ким журналисттер алдында сүйлөп жатып, АКШ азырынча бир тараптуу кандай санкцияларды киргизүүнү аныктай электигин билдирди. Ал Кошмо Штаттар менен Жапония санкцияларды киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын кошумчалады.

Түндүк Корея өз тарыхындагы бешинчи ядролук бомбаны сыноодон өткөргөнүн жарыялады. 9-сентябрда мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн түндүгүндөгү полигондо ядролук программа тарыхындагы эң ири бомба сыноодон өткөрүлгөнүн расмий кабарлады.

Пхеньяндын мындай аракетин БУУ, АКШ, Жапония жана Кытай айыптап чыккан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG