Шашылыш билдирүү:
Кыргызстандын аймагында 11-12-14-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
12-14-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
12-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26,
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,
Баткенде түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +17...+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…13°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болот.