Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Азери бийликтери референдум алдында оппозиция активистин бошотту


Натиг Жафарли абактан чыккан учур. Баку, 9-сентябрь, 2016-жыл.
Натиг Жафарли абактан чыккан учур. Баку, 9-сентябрь, 2016-жыл.

“Республикалык альтернатива кыймылы” деген уюмдун активисти Натиг Жафарли абактан 9-сентябрда бошотулганын анын кызматташтары жекшемби күнү кабарлашты.

Бирок, аталган кыймылдын башчысы Илгар Маммадов али түрмөдө кала берүүдө.

Жафарли быйыл 12-августта “мыйзамсыз ишкерлик кылган деген айып менен камакка алынган.

Азери прокурорлору Жафарли өкүлү болгон “Республикалык альтернатива кыймылы” АКШдагы бейөкмөт уюм - Улуттук демократиялык институттан грант алганын билдиришкен.

Оппозициячыл активист 26-сентябрга мерчемделген референдум алдында бошотулду. Анда президент Ильхам Алиевдин бийлиги чыңдалып жана мөөнөтү да узартылчыдай.

АКШ Жафарлинин бошотулушун кубаттап, расмий Бакуну саясий айыпкер деп каралгандардын калгандарын да абактан чыгарууга үндөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG