Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Паралимпиада: Базаркулов акыркы орунду ээледи


Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан паралимпиада оюндарында кыргызстандык Арстанбек Базаркулов чоюн ыргытуу боюнча 9-орунду ээледи. Ага жалпы тогуз спортчу катышкан. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында жазылды. Маалыматка караганда, алтын медалды Катардын спортчусу жеңип алды. Кыргызстандык спортчунун ыргыткан чоюну 7 метр 39 сантиметр аралыкка түшүп, алдыңкы орундарга жете алган жок. Буга чейин паралимпиадачы Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча бешинчи орунду алган. Риодо 7-сентябрда башталган паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан үч спортчу барган. Алдыда пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев күч сынашат. Өкмөт 1-8-орун алып кайткандарга атайын сыйлык берүүнү убада кылган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG