Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы курултай жана жарандык форум өтөт


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Конституцияны өзгөртүүнүн мыйзамдуулугун талкуулаган эки чоң жыйын октябрдын башына мерчемделүүдө. Анын бирин оппозиция жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандар уюштурат. Ошондой эле саясатчылар менен жарандык коом өкүлдөрү да форумга чогулуп, анда Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен баш тартууга бийликке чакырык ташталат. Кыргызстанда Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча эки жумага узартылган коомдук талкуу аяктады. 13-сентябрдан кийин эксперттик топ Конституциянын соңку редакциясын бекитип, парламентке сунуштайт. 27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого алып келерин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG