Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

Македонияда 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду


Македониянын борбору Скопьеде 11-сентябрда 5,3 баллга жеткен жер титиреди. Бийлик ондогон адам жаракат алганын, бир катар райондордо электр энергиясы өчүп калганын кабарлады. Өлкөнүн Сейсмология агенттиги айрым эски имараттар урап калганын билдирди. Силкинүү түштө болгон. Бирок кечинде деле Скопьенин тургундары үйлөрүнө киргенден коркуп, көчөлөр менен парктарда күн өткөрүшкөн.

Скопьеде мындан 40 жыл мурда,1963-жылы катуу зилзала болуп, миңге чукул адамдын өмүрү кыйылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG