Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Президент айт намазды Арашанда окуду


Атамбаев Айт намаз учурунда
Атамбаев Айт намаз учурунда

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев адаттагыдай эле айт намазын өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитте окуду. Андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып куран окутту.

Ошондой эле президент кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады.

"Ислам дини ынсаптуу болууга, тынчтыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка үндөйт. Кудай берген өмүрдү кор кылбай, адал жана татыктуу жашап өтүү – ар бирибиздин милдетибиз. Эгемен, демократиялык мамлекетибизде жарандарыбыздын дин тутуу эркиндиги толук камсыздалган. Ошондуктан, улуу Орозо жана Курман айттары мамлекеттик майрам болуп бекитилген. Азыр дүйнөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр бардыгыбызга тынчтык менен ынтымак өтө зарыл экендигин айгинелеп турат", - деп айтылат президенттин элге жолдогон куттуктоосунда.

Мындан тышкары ал Мекке шаарында ажылык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ниеттери кабыл болуп, аман-эсен кайтып келүүсүн каалаган.

Бүгүн – 12-сентябрда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG