Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Жалал-Абад: милиция коомдук коопсуздукту элдик кошуундар менен көзөмөлдөп жатат


Жалал-Абад Курман айттан кийин. 12-сентябрь, 2016
Жалал-Абад Курман айттан кийин. 12-сентябрь, 2016

Жалал-Абад облусунда бүгүн Курман айт күнү коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери, элдик кошуундардын өкүлдөрү болуп жалпысынан 2000дей адам көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Жергиликтүү милиция диний аалымдар, облус жетекчилиги, жаштар уюмдарын өкүлдөрү менен бирге экстремизм-террризмдин алдын алуу, салттуу динди жайылтуу максатында тарбиялык, кайрымдуулук иш-чараларды өткөрүп жатат. Курмандык чалынып, аз камсыз болгон аялуу үй-бүлөлөргө, балдар үйлөрүнө жана майып жарандарга таркатылып берилди. (EBM)

XS
SM
MD
LG