Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Орусия менен Кытай биргелешкен аскерий-деңиз машыгуусун баштады. "Тынчтык кызматташтыгы-2016" деп аталган машыгуу сегиз күн уланарын Кытайдын аскерий-деңиз мекемесинин маалымат катчысы Лян Ян билдирди.

Эки өлкөнүн аскерлери Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдардын бирин басып алуу сценарийи боюнча машыгууда. Аталган аймакта Кытайдын кошуналар менен талаш райондору бар.

Машыгууга кемелер, суунун алдында сүзүүчү кайыктар, учактар, амфибия унаалары, бронетехника жана жөө аскерлер тартылууда.

Бул аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын аракети күчөшүнө каршы болгон Москва менен Пекин бул сыяктуу иш-чараларын соңку жылдары көп өткөрө баштады.

Кытай Түштүк-Кытай деңизин толугу бойдон өзүнүкү деп жарыялап, ал жакта аскерий инфраструктурасы өнүккөн жасалма аралдарды курууда. Ал эми эл аралык деңиз жолдорунун ачык болушун талап кылган АКШ бул аймакка бир нече жолу өзүнүн аскерий кемелерин жөнөткөн болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG