Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Ван шаарында жардыруудан ондогон адам жараат алды


Түркиянын чыгышындагы Ван шаарында автоунаа жарылып, ондогон адам жараат алды.

Машина бийликтеги АК партиянын жергиликтүү кеңсесинин жанынан жарылган.

Шаардык полициянын башчысы Суат Экижинин айтымында, 27 адам жараат алды, экөөнүн абалы оор.

Айрым маалыматтарга караганда, жабыркагандардын экөө полиция кызматкери.

Курман айт күнү жасалган бул чабуулдун артында ким турат, азырынча белгисиз.

Буга чейин Ван шаарында бир нече адамдын өмүрүн алган кол салууларга түрк бийлиги өлкөдө тыюу салынган Күрт жумушчу партиясын айыптаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG